• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте "Кыргызстандын журналистикасы: кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу тегерек стол өттү

Билим 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Күн мурун И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кыргызстандын журналистикасы: кечээ, бүгүн жана эртең" аталышында тегерек стол өттү.

Иш-чара университеттин 80 жылдыгына, ошондой эле Кыргызстандын басма сөзүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Тегерек столго КМУнун ректору Айгүл Абдраева, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамы жана журналисттер катышууда.

Иш-чарада ЖОЖдордун студенттери, ата мекендик журналистиканын өкүлдөрү илимий докладдары менен катышууда. Докладдар жана баяндамалар мазмуну боюнча Кыргызстандын заманбап медиа чөйрөсү жана анын ар түрдүү аспектилери боюнча.

Иш чаранын максаты Бишкек шаарындагы ар кандай массалык маалымат каражаттары жана журналистика боюнча кадрларды даярдаган университеттер ортосундагы достук байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында филология илимдеринин доктору, Россия экономика академиясынын академиги, профессор Кубан Мамбеталиевдин "Журналистика боюнча лекциялар. ЖОЖдор үчүн окуу куралы" окуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги ал окуу китебин "ЖОЖдор үчүн окуу китеби катары бекитилген" деген штамп менен басып чыгарууга уруксат берген.

Пикир

Оставить комментарий