• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Борбор калаада кыз-келиндер күрөшү боюнча Бишкек шаарынын кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдешке төрт өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышат.

Ачылыш аземге мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий