• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте "Лейлек килемдери – 2024" фестиваль-жарманкеси өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде "Лейлек килемдери – 2024" аттуу фестиваль-жарманкесинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты.

Гүлбара Абдыкалыкова өз сөзүндө ата-бабаларыбыз токуучулук өнөрдү муундан-муунга өткөрүп, ар бир килем элибиздин каада-салттарын, баалуулуктарын чагылдырган уникалдуу көркөм чыгарма экенин белгиледи.

"Мына бүгүн бул фестивалда биз буюмдардын кооздугун гана эмес, ошондой эле чыгармачылык менен бирге биримдиктин духун да сезе алабыз.

Мындай саамалык улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө максатын көздөйт", - деди ал.

Фестиваль-жарманкенин негизги максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.

Иш-чара Маданият министрлигинин колдоосу жана Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулду жана 13-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий