Бишкекте Ленинграддын курчоодон бошотулушунун 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багында Улуу Ата Мекендик согушта Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды.

Ленинград блокадачылары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана Бишкек шаарынын тургундары курман болгондорду эскеришти.

Митинг-реквиемдин аягында иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүлчамбар коюшту.

Пикир

Оставить комментарий