• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекеме аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 16-17-ноябрында Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна/кеңселерге текшерүү жүргүзүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон/кеңсе аныкталып, 84 миң сом айып пул салынды.

Аталган косметология мекемелери Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий