Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Алдыда боло турган КРнын Көз карандысыздык жана Курман Айт майрамына карата 29-августтан тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей башташат.
Бишкек ШИИБ кабарлагандай, 31-август - Көз карандысыздык, 1-сентябрь – “Курман айт” жана жаңы окуу жылынын башталышына карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2200 ашуун милиция кызматкерлери тартылат.
Андан сырткары бир катар борбордук көчөлөрдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.
Чектөөлөр:
- Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин,
- Тоголок Молдо, Логвиненко көчөсү менен Эркиндик бульвары жана Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин.
Пикир
Оставить комментарий