• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте майыптар арасында "Күн бардыгына бирдей тиет" фестивалы расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 12 .11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги “Диалог” маданият үйүндө майыптыгы бар балдар арасында жыл сайын өтүүчү “Күн бардыгына бирдей тиет” фестивалынын расмий ачылышы болду.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын иш-чаралар планына ылайык уюштурулууда.

Фестивалга катышуу үчүн майыптыгы бар адамдар менен иш алып барган 25 мекеме, анын ичинде 11 балдар мекемеси жана 14 чоңдорго арналган коомдук бирикме, фонд жана реабилитациялык борбордон арыздар берилген.

Быйыл фестиваль вокал, хор музыкасы, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий номинациялары боюнча өтөт.

Фестивалдын максаты – майыптыгы бар адамдардын чыгармачылык жана эстетикалык потенциалын стимулдаштыруу, аларды элдик, эстрадалык жана прикладдык искусствонун мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Пикир

Оставить комментарий