Бишкекте мамкызматкерлер үчүн "жашыл" экономика боюнча тренингдер өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер үчүн "жашыл" экономика боюнча тренингдер (ТоТ) өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Окутуу "Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын алкагында уюштурулду.

Аталган программа КР Экономика министрлиги, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, КР президентинин алдындагы башкаруу академиясы жана Германия өкмөтүнүн, Европа биримдигинин жана Швейцариянын өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Тренингге КР президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана аймактык ЖОЖдордун консорциумунун профессордук-окутуучулук курамы катышат.

ТоТтун максаты программанын колдоосу менен тренерлерди 2024-жылдын сентябрь айында райондук жана облустук администрациялардын башчыларына "жашыл" экономиканын жана туруктуу өнүгүүнүн негизги принциптерин сунуштаганга даярдоо болуп саналат. 2025-жылдан тарта бул аспектилер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ГАГСМС тарабынан мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөрүлө турган милдеттүү курстардын бир бөлүгү болуп калат.

"Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасы Кыргызстанда "жашыл" экономиканы илгерилетүүдө көмөктөшөт. Ал эми бул милдетти ишке ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ролу өтө маанилүү. Ошондуктан, программанын эксперттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин, тармактык бирикмелердин жана бирикмелердин өкүлдөрүн "жашыл" экономика жана туруктуу өнүктүрүү боюнча заманбап билимдерге окутуу боюнча системалуу мамилени иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдоо көрсөтөт.

Белгиленгендей, мындай комплекстүү окутуунун аркасында алар бизнести алып барууда "жашыл" принциптерге өтүүдө аймактардагы жеке секторго керектүү жардам көрсөтө алышат.

Тренерлер үчүн "жашыл" экономика боюнча тренинг 2024-жылдын 28-майынан 31-майына чейин Бишкек шаарында КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий