• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мамлекеттик тил күнүн утурлай салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Саамалык Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өтүп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, мугалимдер жана шаар тургундары катышты. Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков келген конокторду мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз тилинин өлкө турмушундагы негизги ордун, анын улуттук өзгөчөлүктү жана биримдикти сактоодогу маанисин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара филармония ырчыларынын концерттик программалары менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий