• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарында “Манас” эпосун белгилөө күнүнө арналган “Жаш манасчы-2022” жана “Үйрөнчүк манасчы-2022” шаардык сынактары өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Жаш манасчы” сынагына борбор шаардын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 5-11-класстардын окуучулары жана “Үйрөнчүк манасчы” сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кызматкерлер жана мектеп мугалимдери катышты.

Сынактар “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана жайылтуу, эпос аркылуу жаштарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлдү.

Сынакта катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүнү көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилди.

Эскерте кетсек, борбор шаардагы жаш манасчылардын таймаштары бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы өткөрүлгөн манасчылар таймашынын өзгөчөлүгү – “Манас” эпосунан үзүндүлөр 3 тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде айтылгандыгында болду.

Манасчылар таймашынын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга жана жаш манасчыларды даярдаган мугалимдерге Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий