Бишкекте “Манас” эпосунун күнүнө жана Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бишкектеги №13 мектепте “Манас” эпосунун күнүнө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага коомдук ишмер, Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, КР Эл артисти Дарика Жалгасынова, актерлор Нургазы Сыдыгалиев, Насреддин Дубашев, ошондой эле Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын директору жана билим берүү департаментинин адистери катышты.

Майрамдык салтанат кыргыз, орус жана англис тилдеринде өттү. Мектеп окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча видеороликтерди, сюжеттерди даярдашты, ошондой эле келген конокторго “Манас жана Чынгыз” сүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Роза Айтматова Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий