Бишкекте “Манас” эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 04.12.23./Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Манас” эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарага карата Кыргызстан боюнча манасчылар, жалпы коомчулук жана мектеп окуучулары чогулду.

Салтанаттуу иш-чарада маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов куттук айтып, мамлекет бүгүнкү күндө өз милдеттерин аткарып, “Манас” эпосун сактоо, жайылтуу жана даңазалоого багытталган программа, концепцияларды кабыл алганын, республикалык, эл аралык деңгээлде ири иш-чараларды жана долбоорлор ишке ашырылып, спектаклдер коюлуп, китептер жазылып, которулуп, илимий изилдөөлөр жасалып жатканына токтолду.

Залда чогулган 1000 окуучу манасчылар менен бирге манас айтышты. Келген меймандарга “Төлгө” спектаклинен үзүндү, ыр-бийден турган программа тартууланды.

Белгилей кетсек, “Манас” эпосу күнүнүн урматына жумалык жарыяланып, анын алкагында бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Алсак, Улуттук тарых музейде 7 дубандан келген 100дөн ашуун жаш манасчылар 7 саат бою тынбай манас айтышты. ”Манас эпосу жана философия", “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”», “Манастан алган беш китеп”эмгектеринин бет ачары өттү.Жер-жерлерде кароо-сынак, тегерек стол, конферециялар өткөрүлдү.

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпос 3 бөлүктөн турат - "Манас", "Семетей" жана "Сейтек", орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат,

Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак ж.б. тилдерине которулган.

”Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде Маданият министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты - Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат.

“Манас” 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында “Манас” эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдуу тизмесине катталган. Ошол күндөн тарта дүйнө эли кыргыз элинин “Манас” үчилтигин адамзаттын руханий мурастарынын бири катары расмий тааныды.

2021-жылы Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры түзүлүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. Андан бери театр алгылыктуу бир топ иштерди жасап келет. Учурда театр кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулууда.

Пикир

Оставить комментарий