Бишкекте "Манас", "Семетей", "Сейтек" аттуу альбом-китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бүгүн Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде сүрөтчү-график Замир Илиповдун "Манас", "Семетей", "Сейтек" аттуу альбом-китебинин бет ачары жана жеке көргөзмөсү өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашкандай, иш-чара интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук күнүнө арналды.

Ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, белгилүү манасчылар, көрүнүктүү сүрөтчүлөр, китеп күйөрмандары, коомдук жана чыгармачыл инсандар катышып, Замир Илиповдун талантын, чыгармачылыгын жогору баалашты.

Иш-чаранын максаты – сүрөтчүлөрдүн, авторлордун инновациялык идеяларын колдоо, чыгармачылыгына өбөлгө түзүү болуп саналат.


Маалымат үчүн: Графика жанрындагы чеберчилиги менен айырмаланган сүрөтчү Замир Илипов ар бир чыгармасын жаратууда улуттун көрөңгөсү болгон асыл мурастарга таянып, тарыхий деталдарын кылдаттык менен аткарып, далилдүү болуш үчүн тарыхчы, этнограф жана манасчы, манастануучулар менен чогуу иштешип келе жатат. Ал ар бир көркөм образды жалаң карандаш менен кагаз бетине түшүрөт.

Ал иллюстрацияланган "Манас сүрөттөрдө" китеби үчүн 350дөн ашык уникалдуу композицияларды жаратып, китептин дизайнын иштеп чыгууга салым кошкон. Китептин текстин кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев жазган. Бул китеп Москвадагы китеп көргөзмөсүндө "Китеп иллюстрация искусствосу" номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген.

Илипов Замир Н.Жоробекованын “Накыл кептерден улуу дептер”, М. Байжиевдин “Манас, Семетей, Сейтек”, Г. Бектурганованын “Дастандар, уламыштар, жомоктор”, “Кыргыз элинин кодекси”, Т. Бакчиевдин “Манастын ашы”, “Алмамбеттин жомогу” Кыргызпатенттин алгачкы чыгарылган комикстеринин “Авторлор, авторлор”, “Ким музыкага төлөп берет”, ж.б. көптөгөн китеп сүрөттөрүнүн автору. Ошондой эле “Элдик казына - тарбиянын башаты” китебинин иллюстратору жана дизайнери.

Ал Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси. “Сонун Кыргызстаным” аттуу арт-долбоордун уюштуруучусу.

Пикир

Оставить комментарий