• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте манас таануучу Эсеналы Абдылдаевдин илимий эмгектерин камтыган китептин бет ачары болуп өттү

Коом 0

Бишкек,14.06.24. /Кабар/. Бишкекте «Эсеналы Абдылдаевдин илимий эмгектери» китебинин бет ачары болуп өттү.

«Манас» улуттук академиясынан билдиришкендей, окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, манас таануучу Эсеналы Абдылдаевдин илимий материалдары камтылган китеп жарыкка чыкты.

“Эсеналы Абдылдаевдин илимий эмгектери» аттуу китепке окумуштуунун «Манас» эпосуна байланыштуу илимий макалалары жана сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү киргизилди. Китепти даярдоодо «Манас» улуттук академиясынын Кол жазмалар, фонотека жана сейрек кездешүүчү баалуу басылмалар фондусунда сакталып турган кол жазмалары, архивдик маалыматтары да пайдаланылды.

Китептин бет ачарына автордун үй-бүлөсү, мамлекеттик кызматкерлер, адабиятчылар, этнографтар, педагогдор жана белгилүү ишмерлер катышты.

Эсеналы Абдылдаев 71 жашында каза болгон. Ал Саякбай Каралаевдин варианты боюнча айтылган «Семетей» эпосун басып чыгарууга даярдоого катышкан. Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» эпосунун 4-китебинин «Чоң казат» эпизодун даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий