Бишкекте Мария Пинигинанын байгесине арналган турнир болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мария Пинигинанын байгесине арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Турнир 28-29-сентябрь күндөрү өтүп, ага 15 жашка чейинки спортчулар катышты.

Мелдеш спорттун 13 түрү боюнча болуп, 120 спортчу күч сынашты.

Аталган турнирди Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциясы Жеңил атлетика федерациясы менен биргеликте уюштурган.

Дирекциясынын бюджетинен 30 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий