Бишкек, 03.11.22./Кабар/. Бишкекте жаран Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-ноябрда болжол менен саат 12:10 чамасында “102” кызматына Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтердин биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1991-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран мас абалында майда бейбаштык кылып жаткандыгы аныкталган. Кызматкерлердин мыйзамдуу талабына да баш ийибей, качып кеткен. Бирок, кийин кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмунө жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий