• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мечиттин жанында жигиттин өлүмү. Сот кайгуул кызматкерлерин камактан бошотту

Коом 0


Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Биринчи май райондук соту Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча камакта жаткан шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлорунуну баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын роталык полкунун командиринин орун басары А.Н.Д. жана 2-ротанын 3-взводунун эки кайгуулчусу Б.У.Э. жана В.А.Р. 15-сентябрдагы соттун чечиминин негизинде эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Эскерте кетсек, 27-августта Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде 1989-жылы туулган айдоочу кайгуул кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Окуядан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымат таратып, анда айдоочу каршылык көрсөткөнү жана кайгуул кызматкеринин тапанчасын тартып алууга аракет кылганы белгиленген.

Андан кийин ИИББ окуянын башка версиясын жарыялаган. Маалыматта инспектордун айтымында, жаңжал чыгып, анын кесепетинен айдоочуга кокусунан ок тийгени айтылган.

Бирок социалдык тармактарда жана ЖМКларда кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуну өлтүрүү учуру тартылган видео тараган. Видеодо ок атуу кокусунан болбогонун, айдоочу инспектордун колунан куралды тартып алууга аракет кылбаганын жана жаңжал болбогонун көрүүгө болот. Андан кийин Бишкек ШИИББ жаңы билдирүү тараткан.

Жыйналган материалдар Бишкек шаардык Свердлов райондук сотуна жөнөтүлүп, андан соң Бишкек шаардык УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-б. 1, 2 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 2. Ошол эле жосундар: 1) куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) байкабастыктан оор зыян келтирүү) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикир

Оставить комментарий