Бишкекте Медицина кызматкерлердин күнүнө карата өз кесибинин мыктылары сыйланды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.24./ Кабар/. Бишкекте 7-июлда белгиленүүчү Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын мыкты эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында медицина кызматкерлеринин күнүнун урматына салтанаттуу кече өтүп жатат. Анда Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги өтө маанилүү жана баа жеткис экенин белгиледи.

“Бул майрамды жакшы жаңылык менен баштагым келип турат. 1-июлдан баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50%га жогорулатуу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эми бир катар медициналык кызматкерлерге, атап айтканда педиатрларга жана хирург-анестезиологдорго кошумча акылар киргизилет", - деди ал.

Минкаб башчысы белгилегендей, көрүлүп жаткан бул чараларды бардыгы жарандардын сапаттуу медициналык жардам алуусуна багытталууда.

Иш-чарада салтка айлангандай мыктылар жана татыктуулар сыйланды. “Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси (“Саламаттык сактоонун мыктысы”) 375 дарыгерге ыйгарылса, Саламаттык сактоо министрлигинин ардак грамотасы 363 медицина кызматкерине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий