• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте медицина кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгы медицина кызматкерлерин Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйлады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэрия ошондой эле 2020-2021-жылдары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган медицина кызматкерлерин куттуктады.

Саламаттык сактоо уюмунун түптөлүшүнүн 60 жылдыгына карата төмөнкүлөр шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланышты:

- Бишкек шаарындагы №3 стоматологиялык клиниканын кызматкерлери;

- шаардык балдар сүт ашканасынын командасы;

Саламаттык сактоону өнүктүрүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын Ардак грамоталары төмөнкүлөргө ыйгарылды:

- Баширов Мирказим Бахлюлович;

- Борончиев Токтобек Турсуналиевич;

- Акималиева Жуман Акималиевич;

- Жусупбекова Абаткан Жусупековна;

- Мойдунова Марипатхан Мойдуновна;

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын Ардак грамоталары төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Байтикова Света Турдакуновна

- Кубанычбек уулу Руслан

- Калчакеев Элден Муратович

- Муканбетов Айбек Сагымбекович

- Сабырбекова Таалайгүл Сабырбековна

Мамлекеттик сыйлык менен сыйланган саламаттык сактоо адистери:

- Керимкулова Айнагүл Касымалиевна - "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы;

- Өмүралиева Мунаркан Азимовна - "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы;

- Шакеева Анара Мукашевна - "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы;

- Арстанбекова Саадат Садырматовна - "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы;

- Малдыбаева Акиан Абдрахмановна - "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы;

- Чарабаева Дамира Алтынбековна - "Даңк" ордени;

- Абдылдаева Айнура Барктабасовна - "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы;

- Рыскулбекова Айнагүл Байсаловна - "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" ардактуу наамы

- Керималы кызы Майрамкан - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

- Борисов Егор Юрьевич - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

- Нурдинов Марат Нурдинович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

- Вера Николаевна Асеева - Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ардактуу кызматкери медалы.

Борбор калаанын мэриясы медицина кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, бекем ден соолук каалайт.

Пикир

Оставить комментарий