Бишкекте "Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук" эл аралык форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарында "Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик реалдуулук" эл аралык форуму өтүүдө.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, форумга Түркия, Словения, Германия, Бириккен Араб Эмирлиги, Япония, Корея, Россия, Беларусь, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн 170тен ашуун адис катышууда.

Белгиленгендей, Бишкек курулуш жана жер-мүлк маселелерин санариптештирүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды талкуулоо үчүн эл аралык аянтча болууда.

"Форумдун башкы максаттарынын бири - жер жана мүлк мамилелери чөйрөсүндө санариптик трансформация маселелери боюнча башка өлкөлөр менен байланыштарды бекемдөө жана өз ара мамилелерди түзүү болуп саналат", – деди Жер ресурстары кызматынын директору Асылбек Сатывалдиев.

Форумда кыймылсыз мүлктү массалык баалоо боюнча Кыргызстандын пилоттук долбоору сунушталат. Бул долбоор кадастрдык нарктан салык алууга өтүүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүгө багытталган, бул Кыргызстанда адилеттүү салык салуунун жаңы этабы болуп калат. Мүлк салыктарынын наркы мүлктүн рыноктук наркына түздөн-түз көз каранды болот.

"Төмөн бааланган мүлк ээлеринин мүлк салыгы кымбат баалуу мүлккө караганда төмөн болушу керек. Демек, кыймылсыз мүлк канчалык арзан болсо, салык ошончолук аз болот" - деп адилеттүү салык системасын "АБУКО" ассоциациясынын төрагасы Искандер Мелдебеков түшүндүрдү.

Иш-чара министрлер кабинети, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жана Россиянын кадастрдык баалоо боюнча бюджеттик мекемелер ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий