• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.

Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды.

"Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий