• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом 0


Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкекте баасы 111 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Айкөл" конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан 2024-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы жолу К.Н.А. аттуу жаранга кайра каттоо жүргүзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий