• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бишкекте Мектеп лигасынын 2021-2022-сезону жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мектеп лигасынын 2021-2022-сезонунун жабылыш аземи жана финалдык оюндары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Билим жана илим министрлиги, КР футбол, волейбол жана баскетбол федерацияларынын президенттери, башкы демөөрчүлөр жана күйөрмандар катышты.

Жабылыш аземинде Азамат Жаманкулов "Мектеп лигасынын" катышуучуларын куттуктап, бир катар алдыдагы пландар менен бөлүштү.

Ал өз сөзүндө "Мектеп лигасы" жаштар арасында массалык спортту пропагандалоодо жана сергек жашоого умтулууга чоң түрткү берип, лиганын улантуу керек экендигин далилдеп койдуңар деп белгиледи. "Мектеп лигасы" Кыргызстандын бардык аймактарын камтып, анын ичинен 1778 мектеп спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрү боюнча ат салышып, мыктылар аныкталды.

Ошондой эле Азамат Жаманкулов алдыда пландар бар экенин белгилеп, бул лиганын мыктыларын эл аралык деңгээлдеги мектеп лигаларына катыштырууну, муну менен катар студенттер арасында "Колледж лигасы" жана "Университет лигасын" уюштуруп, мындан ары арышын кеңейтип, деңгээлин жогорулатуу максаты бар экенине токтолду. Сөзүнүн жыйынтыгында ар бир катышуучуга бекем ден-соолук жана дени сак жашоону пропагандалоодо жер жерлерде үлгү болушуна тилектештигин билдирди.

Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон 500 миң сом чейинки акчалай сыйлыктын күбөлүктөрү, жеңүүчүнүн кубогу жана атайын баалуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, мектеп лигасы 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Жалпы республикасынын мектептери волейбол, футбол, баскетбол боюнча беттештерди өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий