• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Мектеп лигасынын финалдык мелдештери өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кечээ, 11-майда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Мектеп лигасынын 2022-2023-сезонунун финалдык мелдештери старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, беттештердин расмий ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, директордун орун басары - Мектеп лигасынын вице-президенти Самат Токтоналиев, билим берүү министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Мектеп Лигасынын президенти Урмат Асанбаев катышты.

Айбек Абдымомунов Мектеп лигасынын катышуучуларын финалдык оюндардын башталышы менен куттуктап, аталган долбоор жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым кошуп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле, кыска аралык ичинде жалпы республикада командалардын санынын көбөйүп жатканын белгиледи.

Финалдык сезондун ачылышы ар бир облустун парады менен башталып, концерттик программа жана театралдашкан спектакль менен коштолду.

Мектеп лигасынын алкагында жалпы республиканын баардык аймактарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан 2383 команда катталган. Катышуучулар футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча беттештерди өткөрүшөт. Сезондун финалында 72 команда катышууда. Оюндар Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинде, Эмгек резервинде, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда, Кыргыз Шахмат союзунда жана Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 11-15-май күндөрү өтөт.

Белгилей кетсек, Мектеп лигасы 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. 2020-2021-оюн сезонунда жалпы республикада футбол, волейбол жана баскетболдон 1700 команда катталган.

Пикир

Оставить комментарий