• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте мектеп окуучулары арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо-сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районундагы №18 мектепте ар улуттун окуучулары арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кароо-сынак мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

Катышуучулар залкар жазуунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргыз тилинде окуу боюнча жарышты.

Жыйынтыгында чыгармачылык турнирдин жеңүүчүлөрү болуп:

  • 1-орун – 9-класстын окуучусу Алина Юн;
  • 2-орун – 3-класстын окуучусу Лиза Карнюхина;
  • 3-орунду 5-Б классынын окуучулары Карина Ким жана Салия Коконова бөлүштү.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий