Бишкекте мектеп окуучулары ЖКККББнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучулары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышын утурлай жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери алгачкы класстын окуучуларын ЖКККББнын имаратына алып келип, кызматтык унааларды, атайын каражаттарды жана жол коопсуздугун камсыздоо багытындагы көрүлүп жаткан иштер менен кеңири тааныштырды.

Ошондой эле өспүрүмдөргө жол эрежелеринде көрсөтүлгөн жөө жүргүнчүлөрдүн укук милдеттерин үйрөтүп, практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Иш-чаранын соңунда башталгыч класстын окуучуларына ЖКККББ тарабынан атайын таттуулар таратылып, кызматтык унаанын коштоосу менен кайрадан мектептерине жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий