• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте мектеп окуучуларына жол кыймылынын эрежелери үйрөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүшүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери Т.Сатылганов атындагы №69, ошондой эле №26 окуу-тарбия комплекс-гимназияларында өттү.

"Анда мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке чейинки аралыктын маршруттук чийинин, жол чырактардын, жөө өтмөктөрдүн, жол белгилеринин эрежелерин эскертишип, мектеп окуучуларынан суроо-жооп алышты.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы баардык орто мектептердин ар бирине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бирден бекитилип, мектеп окуучуларынын жол коопсузугун камсыздап келишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий