• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Бишкекте мектептерде балдардын укугун коргоо боюнча маалымат кампаниясы башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгы Кыргызстандын Балдардын укугун коргоо боюнча профсоюздар федерациясы менен биргеликте уюштурган маалыматтык кампания башталды.

Акция балдардын эксплуатациясын алдын алуу жана көзөмөлдөө, мектептерде жана колледждерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган. Иш-чаралар планында Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелерин камтуу каралган.

Алгачкы иш-чара Бишкектеги Биринчи май балдардын чыгармачылык борборунун лидерлер мектебинде өттү. Жакынкы күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы билим берүү мекемелеринде да жолугушуулар болот.

Акциянын максаты мектеп окуучуларынын эмгек укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, алардын экономикалык эксплуатацияланышына жол бербөө жана гендердик теңчилик принциптерин жайылтуу болуп саналат.

Жолугушуулар эмгек укуктарын жана коргоо механизмдерине басым жасоо менен интерактивдүү форматта өткөрүлөт. Катышуучулар мультимедиялык материалдарды колдонуп, оюндарга катышып, маалыматтык брошюраларды алышат.

Белгилей кетсек, бул демилге #Актанууга болбойт! чакырыгынын алдында Кыргызстанда өтүп жаткан “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” улуттук кампаниясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий