• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте мектептерде жарандык коргонуу күнү өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкекте мектептерде жарандык коргонуу күнү өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган иш-чарага № 101, 24 мектептердин 3500дөн ашык окуучусу жана 80 мугалими катышты. Машыгуулар эвакуациялоо планына ылайык жүргүзүлүп, авариялык жана негизги чыгуулар колдонулган.

Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери коопсуздук чаралары жана биринчи өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришти.

Ошону менен бирге №4 өрт өчүрүү бөлүмүндө “Жаш куткаруучу” мелдеши өтүп, №28, 41, 54, 61, 78, 83 мектептердин командалары күч сынашты. Балдар өрт өчүрүү, ар кандай кырсыктарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында 1-орунду №54 мектеп, 2-орунду №78 мектеп, коло медалды №83 мектеп ээледи.

Бул иш-чаралар райондун бардык аймактарында өтөт.

Белгилей кетсек, билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуу боюнча машыгуулар “Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” боюнча бир айлыктын алкагында өтүүдө.

Эскерте кетсек, өкмөттүн 2 токтомуна ылайык, 5-октябрь «Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү» деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий