• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мектептерге интерактивдүү панелди сатып алууга сертификаттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкекте мектептерге интерактивдүү панелдерди алууга сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Биринчи районунун башчысы Мурат Осмонов сертификаттарды тапшырып, мугалимдердин иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарын интерактивдүү панелдер менен жабдуунун негизги максаты мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоо, мугалимдерге жана окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Интерактивдүү панель эч кандай кошумча жабдууларды талап кылбаган интерактивдүү системанын эң толук версиясы болуп саналат. Панель экраны колдонуучунун бардык аракеттерине жооп берет, мисалы: кабыл алынган буйруктарды иштетүү, маалыматтар менен иштөө жана аларды сактоо.

Пикир

Оставить комментарий