• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөр текшерилди

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге акимчиликтин, салык кызматынын, Октябрь РИИБнин жана МАБдын кызматкерлеринен турган комиссия катышып, соода түйүндөрүнүн ээлерине 18 жашка чейинки балдарга алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынганын эскертти.

Жалпысынан 12 дүкөн ээлерине маалымат берилди. Бул багыттагы рейддер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий