Бишкекте мэрдин кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте мэрдин кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, сууда сүзүү жана аркан тартыш боюнча өтүп, ага Бишкек мэриясынын жана борбордук аппараттын карамагындагы 32 мекеменин ичинен 21 мекеменин спортчулары катышты.

Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын командасы жана стол тенниси боюнча «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын командасы аныкталды.

Бильярд боюнча ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы, сууда сүзүү боюнча Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери биринчи болушту. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү волейбол жана дартс боюнча алтын байгеге ээ болушту.

Ал эми аркан тартыш жана кичи футбол боюнча 1-орунду ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын командасы ээледи.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев командаларды жеңиши менен куттуктап, кубок жана медалдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий