• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте мигранттардын укугун коргоо жана пенсия менен камсыздоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкекте мигранттардын укугун коргоо жана пенсия менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ага Эмгек министрлигинин, Профсоюздар федерациясынын, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү жана бир катар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын социалдык жана эмгектик укуктарын барган өлкөлөрдүн улуттук профсоюздук уюмдары тарабынан корголушун талкуулоого арналды.

Бүгүнкү күндө эмгекчилердин укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бүткүл өлкө боюнча техникалык жана укуктук эмгек инспекторлорунун саны көбөйтүлүп, 1899 кыска номери өз ишин баштаган, ал боюнча акысыз консультация алууга жана кызыккан бардык суроолорго жооп алууга болот.

Тараптар бир катар кыйынчылыктарга дуушар болгон чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүү түзүмүн түзүүнү жактап чыгышты, мисалы: алардын келген мамлекетте укуктарынын бузулушу, келген өлкөдө жумушка орношууда жана мекенине кайтып келгенден кийин кыйынчылыктар; социалдык көйгөйлөрдүн көбөйүшү, үй-бүлөлөрдүн кыйрашы, эмгек мигранттарынын ден соолугунун начарлашы, пенсия менен камсыз болуу.

Кошумчалай кетсек, мындай түзүм чет элдик ишке орноштуруу борборуна жана жеке ишке орноштуруу агенттиктерине жардам бермек.

Пикир

Оставить комментарий