• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон Зияда Темирбекованы издөөдө – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон Зияда Темирбекованы издөөдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Аталган факт Свердлов райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына каттоого алынды.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, ак баскан, сол жаагында тагы бар. Психологиялык жактан жабыркайт, 2-топтогу майып.

Кийими: үстүндө ак сызыктары бар кара кофта, кара түстөгү шым, көк түстөгү жайкы бут кийим.

«Зияда Темирбекованын кайда экенин билгендер болсо, анда төмөнкү номерлерге 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 же “102ге” кайрылып коюуңуздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий