Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бишкекте милициянын майору Улукбек Балагазыевдин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти .
Маалыматка ылайык, саамалык Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүп, ага ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Урмат Жумабеков, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын кызматкерлери, ардагерлер жана Улукбек Балагазыевдин жакын туугандары катышты.
Курама командалар ИИМдин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлеринен жана ардагерлерден түзүлдү.
Турнирдин жыйынтыгында:
1-орунду Чүй ОИИББнын ЭММКАКтын командасы;
2-орунду ардагерлер командасы;
3-орунду Борбордук аппараттын командасы ээлешип, жеңүүчүлөр кубок, дипломдор менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий