Бишкекте министрликтер аралык кыргыз-индия саясий консультациялары болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бишкекте министрликтер аралык кыргыз-индия саясий консультациялары болуп өттү. Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, ал эми индиялык делегацияны Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Санджай Верма жетектеди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле консулдук кызматташуу жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Тараптар долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу коомчулукту өнүктүрүүнүн тез таасирдүү долбоорлорун ишке ашырууга Индиядан гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында Лейлек райондук ооруканасынын медициналык инфраструктурасын жана Кыргыз экономикалык университетинин IT-лабораториясын жакшыртуу аркылуу соода-экономикалык тармакта кызматташууну кеңейтүүгө кызыкчылыгын билдиришти.

Ошондой эле акыркы технологияларды колдонуу менен медициналык маалымат алмашуу үчүн кыргыз-индия ооруканаларынын ортосунда байланыштарды түзүүгө багытталган «Телемедицина» долбоорун кеңейтүүгө, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын 10-жыйынын протоколунун ишке ашырууга, ошондой эле саламаттыкты сактоо, айыл чарба, IT-технологиялар, текстиль жана туризм боюнча биргелешкен жумушчу топтордун жолугушууларын өткөрүү гѳ көңүл бурулду.

Эки тараптуу кызматташтыктын эки тарапты кызыктырган бардык маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү, ошондой эле стратегиялык кызматташууга ылайык тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды жыл сайын өткөрүү практикасын улантууга өз ара даярдыгы белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери да каралды, ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий