• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте мобилдик бала бакчалар ачылууда

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында мобилдик бала бакчалар ачылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин районунун акимчилиги И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте №93, 79, 97 мектептердин базасында "Көчмө бала бакча" долбоорун ишке ашырууну улантат.

Аталган долбоор "Жер Ынтымагы" (Арча-Бешик) конушунда жашаган 2 жаштан 7 жашка чейинки мектепке чейинки курактагы балдарды камтыйт. Ошондой эле "Көчмө бала бакча" долбоорун Ленин районунун башка конуштарында да ишке ашыруу пландалууда.

"Балдарды бала бакчада 1 саатка калтырууга болот. Ошондой эле аталган долбоор боюнча балдарды бакчага алып келген ата-энелер да окуудан өтөт. Адистер ата-энелерге балдарды мектепке кантип даярдоону үйрөтүшөт", - деп белгилешти мэриядан.

Долбоордун максаты - балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жалпы камтуу, балдарды мектепке даярдоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий