• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкекте мончо жана сауналар текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бишкекте муниципалдык инспекция тарабынан турак жайларды, мончо жана сауналарды текшерүү улантылууда.

Мэриядан билдиришкендей, мындай текшерүүлөр абанын сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган.

Муниципалдык инспекция жеке мончо жана сауналардын ээлеринин ишмердүүлүгүн белгиленген экологиялык нормаларга шайкештигин баалайт. Меш жабдууларын, жагууга колдонгон нерселердин сапаты жана фильтрдин бар жогун текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Учурда үйлөрдүн короолорунда таштанды жана жалбырактарды өрттөө фактылары аныкталууда. Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Муниципалитет көмүр жана отун жагууга уруксат берилерин, ал эми таштанды, курулуш материалдарын, тигүү калдыктарын, резина, желим бөтөлкө, жалбырактар жана башкаларды жагууга тыюу салынарын белгиледи.

Ошондой эле шаар тургундарын экологияга тиешелүү маселелерге өзгөчө көңүл бурууну, тыюу салынган нерселерди өрттөө фактылары боюнча 0990 757 371 (WhatsApp) номерине кайрылуу керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий