• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мончодон өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда кечки саат 20лар чамасында Бишкектин Салиев көчөсүндө мончодон өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 320 чарчы метрди түзгөн Status мончосунун чатыры жана буулануу бөлмөсүнүн жыгач жасалгалары күйгөн.

Өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 23:18де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий