• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте мопед жана мотоцикл айдагандарга карата рейд жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 14-августтан тарта "Мотоайдоочу" аталышындагы рейддик иш-чаралар жүрүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 1 күн ичинде 130дан ашык мототранспорттор айып короого киргизилди.

Белгиленгендей, учурда Бишкек шаарында ар кандай модификациядагы мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурган, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизген, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жол-транспорт кырсыктары көп катталууда.

Буга байланыштуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо максатында рейддер уюштурулууда.

КР "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамында 24-берененин 4-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, автобустар, микроавтобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер , трициклдер жана квадроциклдер каттоого (кайра каттоого) жатат:

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб см кем эмес;
- максималдуу конструкциялык ылдамдыгы 50 км/сааттан ашык;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган электр кыймылдаткычы бар 500 кг ашык жүк көтөрүмдүүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий