• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте мугалимдер арасында спорттук мелдеш өттү

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бишкекте "Шамдагай жана тез" аталышындагы спорттук мелдеш өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чарага Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери катышты.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, спортко жана сергек жашоого үндөө максатында Бишкек шаарындагы №71 мектеп-интернатынын базасында уюштурулду.

Мелдештин программасына спорттун төмөнкү түрлөрү камтылган: “Спринтер”, “Аркандан секирүү”, “Стрит бол”, “Мүшөк менен секирүү”, “Паровоз” жана “Аркан тартыш”.

Эстафета жеңүүчүлөрүнө мектептерге спорттук инвентарларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий