• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек мэриянын орун басары Виктория Мозгачева "Жүрөгүмдү балдарга берем - 2024" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

“Мыкты мугалим” номинациясында биринчи орунду Жаңыл-Мырза Мыктыбек кызы, Атыркүл Рыскелдиева, Бермет Бекбоева, Айгүл Таалайбекова, Алдияр Ашырбеков, Чолпон Калтаева, Шухрат Каримжан уулу, Индира Төлөгөнова, Жакшылык Тойчубеков, Ырыс Алиева, Насип Кубаталиева, Жумабек Дуйшеналиев, Аида Сулайманова ээ болушуп, 100 миң сомдук сертификат алышты.

Ал эми Кымбат Осмоналиева, Асел Керимова, Алтынай Абдыкарова, Назира Асанкожоева, Алтынбек Апышов, Фарида Эмилбек кызы, Айгүл Алчинова, Өмүрбек Абдуллаев, Асел Жакыпова аттуу мугалимдер жана тарбиячылар экинчи орунга ээ болуп, 80 миң сомдук сертификатка татыктуу болушту.

Ошондой эле Нуркыз Абдыракманова, Айдай Камчыбек кызы, Курманбек Хайдаров, Элес Темирова, Эрмек Имангазиев, Алина Турусбекова, Жаңыл Исаева, Мээримгүл Исмаилова, Мээрим Аймамбетова, Раймахан Рыспекова 3-орунга ээ болушуп, 60 миң сомдук сертификаттарды алышты.

Салтанаттуу иш- чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, мугалимдерге жана тарбиячыларга майрамдык маанай тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий