Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. 13-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Педагогикалык колледжде KOICA WFK волонтеру Ли Янг Илдин долбоорунун аяктоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу KOICA агенттиги билдирди.
Алардын айтымында, долбоордун алкагында «Монтессори билим берүү борбору» ачылып, келечектеги педагогдорду даярдоонун маанилүү бөлүгүнө айланат.
Италиялык мугалим Мария Монтессори тарабынан иштелип чыккан Монтессори ыкмасы балдардын өз алдынча болуу жөндөмүн арттырып, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Колледждеги жаңы борбор студенттердин бул ыкманы өздөштүрүүсүнө жана кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга жардам берет.
Белгилей кетсек, долбоор KOICA менен КУУнун алдындагы Педагогикалык колледждин кызматташтыгынын аркасында ишке ашып, Кыргызстандын билим берүү системасына инновациялык ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Пикир
Оставить комментарий