• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август кеңешмеси өттү

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкекте билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн “100 жыл билим: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” деген темада жыл сайын өтүүчү август педагогикалык конференциясы өттү.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, иш-чарага мэри Айбек ДЖунушалиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Санкт-Петербург жана Красноярск шаарларынын адистери катышты.

Борбордун муниципалитетинин башчысы ачылыш сөзүндө билим берүү тармагында да өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Административдик-аймактык реформанын алкагында мектептердин саны көбөйүп, жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер көбөйдү.

Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева "Өзгөрүүлөр кылымындагы билим: өткөндүн сабактары, учурдун жаңылыктары, келечекке көз караш" деген темадагы негизги докладды жасады.

Мындан тышкары, конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп системаларын, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологияларды колдонуу боюнча бир катар докладдар окулду.

Конференция окуу процессин уюштуруунун жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуунун жаңы формаларын аныктоо, ошондой эле 2023-2024-окуу жылына карата окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу жана муниципалдык билим берүү системасын өнүктүрүү перспективаларын иштеп чыгуу максатында өткөрүлүүдө.

Конференциянын жүрүшүндө “ачык микрофон” бөлүгүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.

Жыл сайын өтүүчү август конференциясы биринчи жолу жаңы форматта өтүп, анда инновациялык технологиялар колдонулду. Ошентип, борбордогу мектептердин жана бала бакчалардын бардык жетекчилерине онлайн режиминде конференцияга катышууга мүмкүнчүлүк берилди.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын билим берүү түзүмүндө 121 мектеп жана 111 бала бакча кошулду. Анын ичинен 12си адистештирилген, 6сы мектептен тышкары уюмдар. 2024-2025-окуу жылында 230 миңден ашык бала 1-сентябрда мектепке келип, мектеп партасына отурушат.

Пикир

Оставить комментарий