• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте "Мурас-Аймак" регионалдык футзал турнири өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында "Газпром - балдарга" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде "Мурас-Аймак" регионалдык футзал турнири өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, бул турнир президенттин катышуусунда өтө турган салттуу достук "Мурас" турниринин тандоо этабы болуп калды.

Турнир ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн ортосундагы достук жана расмий эмес байланыштарды чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана шаардыктарды активдүү дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө тартуу максатын көздөйт.

Спорттук иш-чарага шаардын негизги уюмдарынан, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин командалары катышты.

Оюндардын жыйынтыгында жеңишти Бишкек электр тармактар ишканасынын командасы багынтып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана командалык духун көрсөттү. Экинчи орунду Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин командасы ээлесе, үчүнчү орун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын командасына тийди.

Ошондой эле турнирдин алкагында өзгөчө жетишкендиктери үчүн катышуучуларга "Эң мыкты оюнчу", "Эң мыкты чабуулчу" сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий