• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Бишкекте музей жана маданият үйлөрүн оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бишкекте музей жана маданият үйлөрүн оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл 5 музейди, 3 маданият үйүн оңдоо пландалган.

Алсак, И.Раззаков үй-музейинде элеваторго насос орнотулса, Г.Айтиев музейинин аймагы тосулду, А.Чуйков музейинде жалпы оңдоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасады, жылуулук тармагы жаңыртылды, Адабият жана исскуство музейинде электр монтаждоо жумуштары жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 7-Апрель көчөсү, 159 дарегинде жайгашкан ( мурдагы “Дубровский” рестораны) Репетициялык залда жалпы оңдоо иштери аяктады. Учурда А.Токомбаев үй-музейин жана “Диалог” маданият үйүндө оңдоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий