• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоого багытталган жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого багытталган жыйын өттү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайдагы мыйзамдуулукту орнотуу боюнча талаптарын, ИИМдин эки айлык комплекстүү иш мерчеминин тийиштүү тапшырмаларын, ошондой эле кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоого коюлган милдеттерди так жана натыйжалуу аткаруу туурасындагы ИИМдин буйрук, нускамаларын жеткирди.

Жыйындын жүрүшүндө жол кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү иш мерчемдердин талаптарын аткаруу зарылдыгы белгиленип, жарандардын эс алуу убактыларында коопсуздугун камсыздоо менен жол тыгындарына жол бербөө талаптары коюлду.

Айрыкча кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, укуктук маданиятын жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий