• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкекте мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү алдын алууга багытталган жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү алдын алуу боюнча координациялык жыйын болуп өттү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, анда 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышы, радикализмди алдын алуу, диний чөйрөдө жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдору жана учурдагы диний абал талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Ленин райондук администрациясы жана аталган райондун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, билим берүү башкармалыгы жана диний кызматкерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий