• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, муниципалдык жерге мыйзамсыз жарнама конструкцияларын орнотууга жол бербөө жана алдын алуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 65 бирдик жарнама объектиси алынды. Бул тууралуу мэриянын сайтында маалымдалган.

Мыйзамсыз жарнамаларды алуу менен унаа токтотуу жайларынын орундары тосмолордон бошотулду.

Алуу иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү:

- Горький көчөсү Б.Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;

- Панфилов көчөсү Горький көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;

- Токтогул көчөсү Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин;

-Исанов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

-Москва көчөсү Исанов көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин;

-Раззаков көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин.

Шаардык кызматтарга шаар тургундарынан мыйзамсыз коюлган жарнама такталары өтүүчү жолдордо тоскоолдуктарды жаратып, шаардын көрүнүшүн бузуп жаткандыгы боюнча кайрылуулар көп келип түшүүдө.

Бул багыттагы иштер башка көчөлөрдө дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий