Бишкекте “Наристе – 2024” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалы ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Наристе – 2024” IV эл аралык балдар фольклордук фестивалынын ачылыш аземине катышты.

Салтанаттын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын дефиле-парады өтүп, элдик номерлер менен коштолду.

Сахнада ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Түштүк Корея, Түркия, Монголия, Сербия, Казакстан, Россия, Башкырстан, Калмакстандан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын жети облусунан Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү биригишти.

Фестиваль ошондой эле Бишкек шаарынын Экинчи маданият форумун өткөрүү аянтчасы болуп калды, ага Улуттук Дельфий комитеттеринин, CIOFF-Фольклордук фестивалдарды жана салттуу искусствону уюштуруу боюнча эл аралык кеңештин Азия-Тынч океан секторунун, ошондой эле Марокко фестивалдарынын ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чаралар салттуу искусствону өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган эл аралык маданий уюмдардын катышуучуларын чогултту.

Белгилей кетсек, “Наристе” эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын негизги максаттарынын бири Кыргызстандын салттуу маданиятын сактоо жана жайылтуу, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен тажрыйба жана билим алмашуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий